Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунун кызматкерлери «Wild Expeditions» уюмунун кызматкерлерине корукта экотуризимди өнүктүрүү үчүн жаңы багыт боюнча түзүлгөн маршрутту жана аткарылып жаткан иштерди көрсөтүп бирге иш алып барууну сунуштады.

Чүй өрөөнү

Нарын мамлекеттик жаратылыш коругу 1983-жылы негизделген. Анын башкы максаты – борбордук Тянь-Шандагы жаратылыш комплекстерин, жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн сейрек кездешүүчү түрлөрүн коргоо жана алардын көбөйүшүнө шарт түзүү.

Бүгүнкү күндө коруктун жалпы аянты 105 519 гектарды түзөт. Ал жерде төмөнкүдөй биологиялык ар түрдүүлүк катталган:

    •    Сүт эмүүчүлөрдүн – 26 түрү

    •    Канаттуулардын – 104 түрү

    •    Балыктардын – 3 түрү

    •    Сойлоп жүрүүчүлөрдүн – 4 түрү

    •    Жерде-сууда жашоочулардын – 1 түрү

Курт-кумурскалардын түрдүүлүгү толук изилденип бүтө элек.

Коруктун аймагында Кыргызстандын «Кызыл китебине» кирген төмөнкү жаныбарлар бар:

    •    Сүт эмүүчүлөр: илбирс, мадыл, сүлөөсүн, күрөн аюу, бугу, марал, кулжа, суусар

    •    Канаттуулар: бүркүт, шумкар, көк жору, көкчулдук, кидик бүркүт, сары үкү, шахин, мыкыйүкү, кадимки тартар тоок жана кумай

Мындан сырткары, корукта 600дөн ашуун өсүмдүк түрү катталган.