Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Нарын регионалдык башкармалыгы Ат-Башы районунун мергенчилер коомунун өкүлдөрү жана аскер кызматкерлери менен биргеликте экологиялык мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча рейд өткөрдү
02-июль 2026, 11:44
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Нарын регионалдык башкармалыгы Ат-Башы районунун мергенчилер коомунун өкүлдөрү жана аскер кызматкерлери менен биргеликте экологиялык мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча рейд өткөрдү.
Рейддин жүрүшүндө Ат-Башы районунун Ак-Сай-Арпа жана Босого жайлоолорунда жергиликтүү тургундар, малчылар жана туристтер арасында айлана-чөйрөнү таза сактоо жана экологиялык талаптарды аткаруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Ошондой эле Нарын районунун Оттук айылынын капчыгайында жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө балыкты тор менен мыйзамсыз уулоо фактысы аныкталды. Өрнөк айылынын тургунуна карата административдик протокол түзүлүп, айып пул салынды.
Министрлик жарандарды жаратылышты коргоого жана экологиялык мыйзамдардын талаптарын так сактоого чакырат.