Чүй регионалдык башкармалыгын Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жана биоартүрдүүлүк бөлүмүнүн кызматкерлери браконьерлик жана аңчылык эрежелерин бузуу фактыларын аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган ыкчам-алдын алуу иш-чараларын өткөрүүдө
30-июль 2025, 11:31
Чүй регионалдык башкармалыгын Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жана биоартүрдүүлүк бөлүмүнүн кызматкерлери браконьерлик жана аңчылык эрежелерин бузуу фактыларын аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган ыкчам-алдын алуу иш-чараларын өткөрүүдө.
2025-жылдын 25-июлунан баштап 28-июлуна чейин башкармалыктын кызмткерлери Чүй облусунун Суусамыр өрөөнүндө мыйзамсыз балык уулоо, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин коргоо чөйрөсүндөгү укук бузуу фактыларын аныктоо жана болтурбоо боюнча рейддик иш-чараларды өткөрүштү. Рейддин жүрүшүндө Чүй облусунун Суусамыр өрөөнүнүн аймагында мыйзамсыз 15 мыйзамсыз балык уулоо фактысы аныкталып, башкармалыктын кызматкерлери тарабынан укук бузуу боюнча 15 протокол түзүлдү. Бул эреже бузуулар боюнча Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 266- беренесине ылайык 15 000 сом айып салынды.
Ошондой эле башкармалыктын кызматкелери тарабынан рейд учурунда жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн обьектилерин коргоо чөйрөсүндө мыйзам бузууларга жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.