Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын кызматкерлери «Айрым суу сактагычтарда балыкты өндүрмөлүк кармоого мораторий киргизүү жөнүндө» токтомунун талаптарын аткаруу максатында Талас облусундагы Киров суу сактагычында кезектеги рейддик иш-чара өткөрүштү
30-июль 2026, 10:10
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын кызматкерлери «Айрым суу сактагычтарда балыкты өндүрмөлүк кармоого мораторий киргизүү жөнүндө» токтомунун талаптарын аткаруу максатында Талас облусундагы Киров суу сактагычында кезектеги рейддик иш-чара өткөрүштү.
Рейддин жүрүшүндө мыйзамсыз орнотулган, жалпы узундугу болжол менен 600 метрди түзгөн синтетикалык торлор табылып, суу сактагычтан чыгарылды. Аталган факты боюнча тиешелүү акт түзүлдү.
Белгилей кетсек, жыл башынан бери Киров суу сактагычында жалпысынан 13 рейд өткөрүлүп, 3050 метр синтетикалык тор жана 250 килограмм таштанды чыгарылды.
Синтетикалык торлор балыктардын эркин көбөйүшүнө тоскоолдук жаратып, суудагы тирүү организмдердин жашоо чөйрөсүнө олуттуу зыян келтирет. Ушундан улам жаратылышты коргоо иш-чараларына ар бир жарандын жоопкерчилик менен мамиле кылуусу өзгөчө мааниге ээ.