Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы Аламүдүн РИИБ кызматкерлери менен биргеликте Кашка-Суу аймагындагы Ак-Таш жайлоосундагы жайыт жерлерге унаа, эндуро менен кирип, чөп катмарын тепселеп, жаратылышка зыян келтирген жарандарды аныкташты

Чүй өрөөнү

Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы Аламүдүн РИИБ кызматкерлери менен биргеликте Кашка-Суу аймагындагы Ак-Таш жайлоосундагы жайыт жерлерге унаа, эндуро менен кирип, чөп катмарын тепселеп, жаратылышка зыян келтирген жарандарды аныкташты. 

Аталган фактылар боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде 7 протокол түзүлүп, мыйзам бузгандарга жалпы 38500 сом айып пул салынган. Ошондой эле жайытты тепселеген унаалар аймактан чыгарылды.

Рейддин жүрүшүндө мототранспорт каражаттарын айдап жүргөн айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жаратылыш аймактарында жүрүүдө белгиленген эрежелерди так сактоо боюнча эскертүүлөр берилди.

Рейддик иш-чара айрым аймактарда мототранспорт каражаттарын эксплуатациялоону чектөө, ошондой эле жайыттарды жана жашыл аймактарды коргоо максатында уюштурулган.