Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Талас регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери фотокапкандардын объективине аймакта байырлаган уникалдуу жана сейрек кездешүүчү жаныбарлар тартып алышкан

Чүй өрөөнү
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Талас регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери фотокапкандардын объективине аймакта байырлаган уникалдуу жана сейрек кездешүүчү жаныбарлар тартып алышкан

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Талас регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери фотокапкандардын объективине аймакта байырлаган уникалдуу жана сейрек кездешүүчү жаныбарлар тартып алышкан. 

Алардын арасында тоолордун сыймыгы болгон, Кызыл китептеги - Ак илбирс, сүлөөсүн, тоо эчкилери, жапайы доңуздар, карышкырлар, улар, тоо канаттуулары ж.б бар. 

Жартылыш ресурстары министрлигинин Талас регионалдык башкармалыгынын кызматкерлеринин айтымында фотокапканга түшкөн жан-жаныбарлардын санынын арбындыгы коргоо режимдеринин натыйжалуу иштеп жаткандыгынан, браконьерликке каршы күрөштүн акыбети кайтып, биологиялык ар түрдүүлүк жана экосистема толук сакталганын далили, - деп баамдашат. 

Жаныбарлар өздөрүн коопсуз сезип, алардын табигый чөйрөдө эркин көбөйүүгө мүмкүнчүлүк түзүлүп, жаратылышты коргоо кызматкерлери табиятты сактоо, коргоо жана ага санариптик көзөмөл жүргүзүү иштерин мындан ары да күчөтөт.  

Белгилей кетсек, жан-жаныбарларга көзөмөл жүргүзүп турган фото капкандар 3 айдан 6 айга чейин бир алынып, кадрларга мониторинг жүргүзүлүп турат.