2026-жылдын 23-сентябрында Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев Нью-Йорк шаарындагы Бириккен улуттар уюмунун штаб-квартирасында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында өткөн климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу чараларды көрүү маселелери боюнча жогорку деңгээлдеги жыйынга катышты
24-сентябрь 2026, 16:40
2026-жылдын 23-сентябрында Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев Нью-Йорк шаарындагы Бириккен улуттар уюмунун штаб-квартирасында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында өткөн климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу чараларды көрүү маселелери боюнча жогорку деңгээлдеги жыйынга катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар Париж келишимин ишке ашырууну тездетүү, эл аралык климаттык кызматташтыкты чыңдоо, энергетикалык системалардын адилеттүү өтүшүн камсыз кылуу, климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерине ыңгайлашуу, ошондой эле өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн климаттык каржылоого жана технологияларга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү маселелерин талкуулашты.
Өзгөчө көңүл аялуу өлкөлөрдүн жана аймактардын туруктуулугун жогорулатууга жана адилеттүү өтүүнү камсыз кылууга бурулду. Анын ичинде мөңгүлөрдүн тез эриши, суу ресурстарынын өзгөрүшү жана климаттык тобокелдиктердин күчөшү сыяктуу көйгөйлөргө дуушар болгон тоолуу аймактардын маселелери каралды.