Мыйзамсыз мергенчиликке каршы — жаратылышты коргоо үчүн биргелешкен иш-аракеттер

Чүй өрөөнү
Мыйзамсыз мергенчиликке каршы — жаратылышты коргоо үчүн биргелешкен иш-аракеттер
Мыйзамсыз мергенчиликке каршы — жаратылышты коргоо үчүн биргелешкен иш-аракеттер


Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Чүй регионалдык башкармалыгынын аңчы-егерлери жана “НАБУ” уюмунун “Барс” жаратылышты коргоо тобунун кызматкерлери 2025-жылдын 6–8-ноябрь күндөрү Чүй жана Кемин райондорунун аймактарында мыйзамсыз мергенчиликтин алдын алуу боюнча кеңири масштабдуу рейд жүргүзүштү.


Иш-чара учурунда бир катар мыйзам бузуулар аныкталып, мыйзамсыз аңчылык фактылары боюнча 3 протокол, 2 акт түзүлдү. Ошондой эле 2 ок атуучу курал далил катары алынып, тиешелүү тартипте Кемин райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.