Айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы биргелешкен аракеттер
21-январь 2026, 14:52
Чүй өрөөнү
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри М. Машиев ФАОнун Кыргызстандагы өкүлү О. Гучгельдыев менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.
Тараптар министрлик менен ФАОнун 2025-жылдагы биргелешкен иш аракеттеринин жыйынтыктарын талкуулап, 2026-жылга карата коюлган пландарды макулдашышты.
Кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары - тоо жана климаттын күн тартиби, токойлорду калыбына келтирүү жана жаратылышты сарамжалдуу пайдалануу.