Кыргыз Республикасында жер казынасын пайдаланууну жөнгө салуунун заманбап ыкмалары: инвестициялар, туруктуулук, өнүгүү
15-октябрь 2025, 16:54
2025-жылдын 15-октябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары , экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан уюштурулган «Туруктуу өнүгүү үчүн өнөктөштүк» аттуу Эл аралык тоо-кен форуму ачылды. Бул иш-чара мамлекеттик органдардын, бизнес структураларынын, илим жана билим берүү мекемелеринин, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн чогултту.
Форум И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин базасында өтүп жатат. Ачылыштын алкагында тоо-кен тармагындагы алдыңкы технологиялардын көргөзмөсү уюштурулду.
Саламдашуу сөздөрү менен төмөнкү жетекчилер кайрылышты:
М. Машиев — Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри;
М. Жусупбеков — министрдин орун басары;
Б.Орозов — Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри;
М. Чыныбаев — И. Раззаков атындагы КМТУнун ректору; Николас Боулер — Улуу Британия жана Түндүк Ирландиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси.
Пленардык сессияда Кыргызстан, Германия, Япония жана Казакстандын эксперттери тоо-кен тармагынын учурдагы чакырыктары жана келечектеги мүмкүнчүлүктөрү тууралуу ой бөлүшүштү.
Акыркы жылдардагы эң маанилүү окуялардын бири — Кумтор кени мамлекетке кайтарылып, алтын запастары кыйла көбөйгөнү болду. Мындан тышкары, маанилүү минералдар боюнча улуттук стратегия иштелип чыгып, геологияга инвестициялар тартылып, чийки заттын экспортун көзөмөлдөө чаралары күчөтүлдү.
Форум туруктуу жана жоопкерчиликтүү жер казынасын пайдаланууну өнүктүрүүдө жана эл аралык кызматташтыкты бекемдөөдө маанилүү кадам болуп калды.