Кызыл китепке кирген бугу марал музоосунун куткарылышы

Чүй өрөөнү
Кызыл китепке кирген бугу марал музоосунун куткарылышы

Кызыл китепке кирген бугу марал музоосунун куткарылышы
 
 09.10.2025ж Кемин районунун Боо-Жетпес коктусунда Министрликтин Чүй РБнын ӨКЖАБТ бөлүмүнүн кызматкери жана NABU уюмунун өкүлдөрү тарабынан биргелешкен иш-чара өткөрүлдү.
 
 Бул иш-чаранын жүрүшүндө, малчы С.Э. бир ай мурда жайлоодо мал карап жүрүп, жаракат алып баса албай калган бугу маралдын 1 баш музоосун (Кызыл китепке кирген жаныбар) таап алып, койлору менен кошо багып, анын жараатын айыктырган. Кийин өз ыктыяры менен тиешелүү мамлекеттик органдарга өткөрүп бере тургандыгын Чүй регионалдык башкармалыгынын ӨКЖАБТ бөлүмүнүн аңчысына билдиргендиги маалым болду.
 
 Бул үчүн малчы С.Э.ге үчүн ыраазычылык билдирилип, тиешелүү акт түзүлүп, музоо NABU уюмунун Терек-Сулуу коктусунда жайгашкан жабыр тарткан жаныбарларды жандандырып кайра кое берүү реабилитациялык борборуна өткөрүлүп берилди.
 
 Эскерте кетсек, бугу марал КР Кызыл китебине кирген жаныбар болуп саналат, Министрлер Кабинетинин 12.07.2024ж №384 токтомунун редакциясына ылайык 1 500 000 (бир миллион беш жүз миң) сом айып салынат.