Шыйрагы сынган эликтин чаарчыгы куткарылып, дарылоого алынды

Чүй өрөөнү
Шыйрагы сынган эликтин чаарчыгы куткарылып, дарылоого алынды

Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Арашан айылынын жогору жагында шыйрагы сынган эликтин чаарчыгы куткарылды. Жаракат алган чаарчык тууралуу маалымат жергиликтүү тургундардан келип түшкөн.

Аталган билдирүүнүн негизинде Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери окуя болгон жерге барып, тиешелүү текшерүү иштерин жүргүзүштү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө эликтин чаарчыгынын шыйрагы сынганы аныкталган. Жаныбарга зарыл болгон жардам көрсөтүү жана дарылоо иштерин жүргүзүү максатында ал жапайы жаныбарлардын реабилитациялык борборуна жеткирилип, ветеринардык дарыгерлердин кароосуна өткөрүлүп берилди.


Министрлик жарандарды жапайы жаныбарларга аяр мамиле жасоого, аларды коргоого жана жарадар же жардамга муктаж жаныбарларга туш болгон учурда бул тууралуу тиешелүү органдарга өз убагында кабарлоого чакырат.