Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин адистери тарабынан көлдүн экологиялык абалына пландык негизде мониторинг жүргүзүлдү

Чүй өрөөнү
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин адистери тарабынан көлдүн экологиялык абалына пландык негизде мониторинг жүргүзүлдү

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин адистери тарабынан көлдүн экологиялык абалына пландык негизде мониторинг жүргүзүлдү. 

Ал үчүн, суунун абалын аныктоо максатында көл жээгинен министрликке караштуу Экологиялык мониторинг департаментинин адистери үлгү алышты. 

Экологиялык мониторинг департаментинин бекитилген иш-чаралар планына ылайык Ысык-Көл көлдүн акваториясынан туристик сезонго чейин, туристтик сезон убагында жана туристтик сезон бүткөндөн кийин суу үлгүлөрү алынып, суунун сапатына химиялык изилдөөлөр жүргүзүлүп турат. Мындай иш чаралар көлдүн күңгөй жана тескейиндеги пляждарда орун алат.

Жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыктоочу протоколдору андан ары иш алып баруу үчүн экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматына жана Ысык-Көл регионалдык башкармалыгына жиберилет.