Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Өзгөн районундагы аңчы адиси жана егерлери тарабынан Жазы дарыясында мыйзамсыз балык уулоого каршы кезектеги рейддик иш-чара өткөрүлдү.

Ош өрөөнү

Рейддин жүрүшүндө балык уулоо эрежелерин бузган 3 жаран аныкталып, алардын биринен мыйзамсыз кармалган 16 даана «маринка» (кара балык) табылып алынган. Жаратылышка келтирилген зыяндын ордун толтуруу максатында аталган жаранга 8 080 сом өлчөмүндө доо коюлуп, ар бир балык үчүн келтирилген зыян 505 сомдон эсептелип, калган эки жаранга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Жаратылыш ресурстарын коргоо, браконьерликке жана мыйзамсыз балык уулоого бөгөт коюу багытындагы рейддик иш-чаралар аймактарда үзгүлтүксүз жүргүзүлүп жатат.

Министрлик жарандарды жаратылыш байлыктарына аяр мамиле кылууга, биологиялык ресурстарды коргоого жана балык уулоонун белгиленген эрежелерин так сактоого чакырат.