Кыргыз Республикасынын Президентинин атайын өкүлү Кемелова Д.А. жыйындын катышуучуларына Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун куттуктоо кайрылуусун окуп берди
05-июнь 2025, 10:44

Бүгүн Чолпон-Ата шаарында Ак илбирсти жана анын экосистемаларын сактоо боюнча Глобалдык программасынын (GSLEP) Башкаруучу комитетинин IX жыйыны башталды.
Кыргыз Республикасынын Президентинин атайын өкүлү Кемелова Д.А. жыйындын катышуучуларына Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун куттуктоо кайрылуусун окуп берди.
Мамлекет башчысынын кайрылуусунда Кыргызстан – аймагынын 90 пайыздан ашууну тоолуу болгон өлкө катары, тоо экосистемаларын жана Борбордук Азиянын бийик тоолорунда жашаган эң керемет жана символикалуу жаныбарлардын бири болгон ак илбирсти коргоо боюнча алдыңкы ролду ойноору өзгөчө белгиленди. Президент тоолуу аймактар табигый байлыктын гана булагы болбостон, жашыл инвестицияларды тартууну кошо алганда, экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү да сунуштай турганын белгиледи.
Ошол эле маалда, ашыкча мал жаюу, токойлордун деградациясы жана климаттын тездик менен өзгөрүшү – өзгөчө ак илбирстин жашоо мейкиндигинде – эл аралык биргелешкен аракеттерди талап кылууда. Бул аймакта глобалдык орточо көрсөткүчтөргө салыштырмалуу жылуулук эки эсе тез өсүүдө, бул регионду планетанын эң аялуу жерлеринин бирине айлантууда.
2013-жылы Бишкек шаарында 12 өлкөнүн катышуусунда негизделген GSLEP программасы мамлекеттердин, илимий жана жарандык уюмдардын, ошондой эле жеке сектордун кызматташуусуна өбөлгө түзгөн күчтүү эл аралык платформага айланды. Кыргызстан бул программанын Катчылыгын өз аймагында жайгаштыруу милдетин алган жана БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан колдоо тапкан Ак илбирс күнүн негиздөөгө демилге көтөргөн. Бул күн жыл сайын 23-октябрда белгиленет.
Президент Жапаров GSLEP программасынын институттук мүмкүнчүлүктөрүн мындан ары дагы бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгилеп, глобалдык экологиялык фонддордун колдоосу менен чек аралар аралык долбоорлорду кеңейтүүгө чакырды жана Катчылыктын ишин мындан ары да колдоого даяр экенин билдирди.
Кыргыз эли ак илбирсти – күчтүн, эркиндиктин жана жаратылыш менен болгон гармониянын символу катары терең урматтайт. Жыйындын катышуучулары бул жолку жолугушуу биргелешкен аракеттерге жаңы дем берерине үмүт артышты.
GSLEP программасынын IX Башкаруучу комитетинин жыйыны 6-июнда уланат.