Ийгилик стратегиясы: Кыргыз геология кызматында Геологдор күнүнө карата шахмат боюнча турнир өттү
06-апрель 2026, 17:50
Чүй өрөөнү
2026-жылдын 4-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Кыргыз геология кызматында кесиптик майрамдын алдында салтка айланган интеллектуалдык таймаш болуп өттү. Шахмат турнири тармактын ардагерлери менен учурдагы кызматкерлердин башын бириктирип, спорттук мелдеш гана эмес, тажрыйба алмашуунун жана жандуу баарлашуунун аянтчасына айланды.
Шахмат тактасынын артында стратегиянын чыныгы чеберлери кездешкендей болду. Ар бир оюн геологдун татаал ишинде өтө зарыл болгон сабырдуулуктун жана аналитикалык ой жүгүртүүнүн үлгүсүн көрсөттү. Өз ара сыйлоо жана спорттук кызыгуу менен коштолгон атмосферада катышуучулар алдыдагы кадамдарды туура эсептөө жаратылыш байлыктарын издөөдө гана эмес, интеллектуалдык кармашта да маанилүү экенин далилдешти.
Иш-чаранын соңунда жеңүүчүлөрдү салтанаттуу сыйлоо аземи өттү. Дипломдор жана эстелик белектер бул күндүн башкы жыйынтыгына — корпоративдик духтун чыңдалышына жана кесиптик коомчулуктун биримдигине жагымдуу кошумча болду.
Бул турнир геология — бул жол романтикасы гана эмес, эң биринчи кезекте бийик интеллект, бекем эрк жана калыптанган каада-салттарга берилгендик экенин дагы бир ирет тастыктады.