Чарба жүргүзүүчү субъекттер 2024-жылдын биринчи кварталында атмосфералык абаны булгагандыгы үчүн жарым миллион сом айыпка жыгылды

Чүй өрөөнү
Чарба жүргүзүүчү субъекттер 2024-жылдын биринчи кварталында атмосфералык абаны булгагандыгы үчүн жарым миллион сом айыпка жыгылды

2024-жылдын январь айынан март айына чейин Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан бир катар чарбалык субъектилерде абанын булганышы боюнча текшерүү жүргүзүлгөн. Текшерүүнүн жүрүшүндө бир катар мыйзам бузуулар аныкталып, Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 230-беренесине ылайык жалпы суммасы 607 миң сом айып салынган.

Атмосфералык абанын булганышынын, атап айтканда атмосферага көмүр кычкыл газы, азоттун, күкүрттүн кычкылдары, ошондой эле адамдардын, жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн ден соолугуна коркунуч туудурган, айлана-чөйрөнүн жалпы абалына терс таасирин тийгизген катуу бөлүкчөлөр (чаң) жана оор металлдар сыяктуу зыяндуу жана уулуу заттардын атмосферага чыгышын эске алуу менен жаратылыш Министрлиги жарандарга, ишкерлерге, компанияларга жана уюмдарга кайрылып, Кыргыз Республикасынын "Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө" мыйзамын так аткарууга чакырат. № 51, 1999-ж.

 Атап айтканда, атмосферага зыяндуу заттардын чыгарылышын чектөө, суунун жана таштандылардын чыгарылышын контролдоо, ошондой эле коркунучтуу заттардын коопсуз сакталышын жана утилдештирилишин камсыздоо боюнча талаптарды сактоо зарыл.

Бул эрежелерди бузуу экологиялык терс кесепеттерге гана алып келбестен, ошондой эле юридикалык кесепеттерге, алып келиши мүмкүн, анын ичинде айып пул салууга , жоопкерчиликке тартуу жана компаниянын аброюна шек келтириши мүмкүн. 

Жаратылыш ресурстар министрлиги айлана-чөйрөгө жоопкерчиликтүү жана аяр мамиле жасоого, анын келечек муундар үчүн маанисин жана коомдун туруктуу өнүгүшүн эске алууга чакырат.