Колдонулган мотор майын күйгүзүү — ден соолукка олуттуу зыян келтириши мүмкүн
24-ноябрь 2026, 13:24
Акыркы мезгилде колдонулган мотор майы менен иштеген жылытуучу мештердин жарнамалары көбөйдү. Мындай ыкма үнөмдүү көрүнгөнү менен, айлана-чөйрөгө жана адамдын ден соолугуна олуттуу зыян келтириши мүмкүн.
Колдонулган мотор майын күйгүзүү учурунда абага көө, майда чаң бөлүкчөлөрү, көмүртек кычкылы жана башка зыяндуу кошулмалар бөлүнүп чыгышы ыктымал. Алар атмосфералык абаны булгап, дем алуу органдарына терс таасирин тийгизип, калктын ден соолугу үчүн коркунуч жаратышы мүмкүн.
Мыйзамга ылайык айлана-чөйрөнү булгоо булагы болушу мүмкүн болгон калдыктарды ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жана калктуу конуштардын аймагында өз алдынча өрттөөгө жол берилбейт жана алар атайын суюктуктарды алуу максатында утилдештирүүгө тийиш.
Ушуга байланыштуу, колдонулган мотор майын жылытуучу мештерде же атайын талаптарга жооп бербеген жабдууларда күйгүзүү экологиялык талаптардын бузулушуна алып келиши мүмкүн.
Жаратылыш министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жарандарды жана ишкерлерди колдонулган мотор майларын белгиленген тартипте чогултууга жана өткөрүп берүүгө, аларды жылытуу максатында өз алдынча күйгүзүүдөн баш тартууга чакырат.