Талас регионалдык экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы мыйзам бузулууларды аныктады
26-ноябрь 2024, 16:01
Талас өрөөнү
Талас регионалдык экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору экологиялык нормалардын бузулушун аныктап, жалпы суммасы 40 миң сомдон ашык айыппул салды.
Айыппул салынгандар:
Г.А. жаран – экологиялык экспертизанын
талаптарын жана жердин пайдалануусун бузгандыгы үчүн 11 000 сом;
С.Д. жаран – жердин пайдалануусун бузгандыгы үчүн 3000 сом;
Талас шаарынын муниципалдык мүлк башкармалыгы – 13 000 сом;
Талас Жашыл чарба муниципалдык ишканасы – 13 000 сом.
Мындан тышкары, абаны коргоо боюнча иштеп жаткан ишканалар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, шаардык мэрия менен таштанды көмүлгөн жайлар жана карьерлерди рекультивациялоо боюнча маселелер талкууланды.
Экологиялык мыйзам бузулууларды байкаган учурда, Министрлик 108 номери аркылуу билдирүү кылууну өтүнөт.
Текшерүүлөрдүн максаты – табиятты коргоо жана калк арасында экологиялык билимди жогорулатуу.