Аба сапаты боюнча эффективдүү коммуникациялар региондук адистер жана басма сөз катчылары үчүн тренинг
02-декабрь 2025, 17:49
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги ОО «Мувгрин» менен биргеликте «Аба сапаты боюнча эффективдүү коммуникациялар» аттуу тренинг өткөрдү. Иш-чара региондордогу адистердин жана чакан шаарлардын басма сөз катчыларынын коммуникациялык көндүмдөрүн өнүктүрүүнү, заманбап инструменттерди үйрөтүүнү жана абанын сапаты боюнча темаларды туура чагылдыруу мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртууну максат кылды.
Тренингди Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин орун басары А.Раимкулова жана ОО «Мувгрин» уюмунун жетекчиси А.Мурадыл ачып, региондордо калк менен тыгыз иштеген адистердин билимин бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгилешти.
Биринчи күндүн программасы: көңүл — жасалма интеллектке жана сценарий жазууга
Тренингдин биринчи күнүндө катышуучулар жасалма интеллектти коммуникацияда, маалымат менен иштөөнү жана медиапродукцияда колдонуу боюнча бир катар практикалык сабактардан өтүштү.
ИИ боюнча сессиялар:
«Жасалма интеллект аркылуу сапаттуу сценарийди кантип жазса болот?» — тренер Азат Рузиев сценарийдин түзүлүшү боюнча кеңештерди берип, катышуучулардын үй тапшырмаларын талдады.
Маалымат издөө жана аналитика боюнча жаңы инструменттер:
Perplexity.ai — терең издөө жана аналитикалык маалымат;
Consensus.app — илимий далилдерге негизделген жооптор;
Claude 3.5 Sonnet — текст түзүү, материалдарды структуралоо жана медиаконтент даярдоо.
Маалымат издөө процессин бүтүрүү жана финалдык сценарийлерди жазуу, топтордо практикалык иш.
«Gemini (Nana Banana) аркылуу визуал кантип жаралат?» — инфографика, eco-постерлер жана визуалдык материалдарды генерациялоо боюнча практикалык сабак.
Практикалык бөлүк:
Катышуучулар өз аймактарындагы ишмердүүлүктү чагылдыруу үчүн инфографика, видео жана коммуникациялык материалдарга сценарийлерди түзүшүп, ИИ инструменттерин колдонуп көрүштү.
Визуализация инструменттери:
Canva Magic Studio — тексттен автоматтык түрдө дизайн түзүү;
Napkin.ai — татаал текстти схемага жана логикалык картага айландыруу.
Конок лекция: адамдар менен кантип жакын байланыш түзүү керек
Күндүн аягында конок лектор Ж. Каракеева «Адамдарга кантип жакыныраак болууга болот?» аттуу темада мастер-класс өттү. Ал эмпатиялуу коммуникация, аудитория менен ишеним түзүү жана татаал экологиялык маалыматты жөнөкөй тил менен жеткирүү ыкмалары менен бөлүштү.
Министрлик белгилегендей, региондук адистердин коммуникациялык жөндөмдөрүн өнүктүрүү — калктын экологиялык маданиятын жогорулатууда жана абанын сапаты тууралуу маалыматты өз убагында, так берүүдө эң маанилүү багыттардын бири.