Министрдин милдетин аткаруучу А. Сапаралиевдин катышуусу менен Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы абанын булгануу көйгөйлөрү боюнча Ведомстволор аралык комиссиянын он үчүнчү отуруму болуп өттү.

Чүй өрөөнү
Министрдин милдетин аткаруучу А. Сапаралиевдин катышуусу менен Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы абанын булгануу көйгөйлөрү боюнча Ведомстволор аралык комиссиянын он үчүнчү отуруму болуп өттү.

2024-жылдын 16-августунда Министрдин милдетин аткаруучу А.А. Сапаралиевдин төрагалыгы астында Бишкек шаарында жана Чүй облусунда абанын булгануу көйгөйлөрү боюнча Ведомстволор аралык комиссиянын он үчүнчү отуруму болуп өттү, министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери жана  орун басарлары, ошондой эле Бишкек шаарынын мэринин орун басары Р. Г. Алиев катышты.

Жыйында буга чейин берилген тапшырмалардын аткарылышы талкууланып, атмосфералык абанын сапатын жакшыртууга багытталган жаңы тапшырмалар берилди.

Тиешелүү мамлекеттик органдар атмосфералык абаны жакшыртуу боюнча аткарылган иштер тууралуу маалымдашты. Алсак, Газпром Кыргызстан ЖЧКсы газдаштыруу процесси жана жеңилдетилген насыялоо программасын илгерилетүү жөнүндө маалымдады.  Бүгүнкү күндө бул программа боюнча 113 29901,00 сом суммасында каржыланган.

Отчеттук мезгилде биргелешкен аракеттер менен 59 иш-чара жүргүзүлүп, 1020 Унаа текшерилген. Жыйынтыгында КР Кодексинин 234-беренеси боюнча укук бузуулар жөнүндө 35 протокол түзүлгөн "булгоочу заттарды чыгаруу нормасынан ашкан автомототранспорттук жана башка кыймылдуу каражаттарды пайдалануу" жана 262 000 сом айып салынган.

Министр А.Сапаралиев бул ишти күчөтүүнүн жана улантуунун маанилүүлүгүн белгилеп, бардык тиешелүү мамлекеттик органдарды ыкчам жана сапаттуу өз ара аракеттенүүгө чакырды. Биргелешкен рейдтик жана башка иш - чараларды өткөрүү боюнча калкка маалымдоо иштерин улантууну тапшырды.