“Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы” программасынан ийгиликтүү өткөн катышуучуларга сертификат жана атайын статуэтка тапшырылды
25-сентябрь 2026, 16:17
Чүй өрөөнү
“Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы” программасынан ийгиликтүү өткөн катышуучуларга сертификат жана атайын статуэтка тапшырылды.
Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштеп жаткан жана келечектеги жетекчи айымдардын лидерлик потенциалын өнүктүрүүгө багытталган “Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы” окутуу жана квалификацияны жогорулатуу программасынын экинчи этабы ийгиликтүү жыйынтыкталды.
Программанын алкагында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асель Раимкулова жана министрликтин Адам ресурстарын башкаруу башкармалыгынын башчысы Асель Карымбаева окуу курсун ийгиликтүү аяктагандыгы үчүн сертификат жана атайын статуэтка менен сыйланышты.
“Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы” программасы мамлекеттик жана муниципалдык башкарууда санариптик платформалар жана автоматташтырылган маалыматтык системалар, башкаруу ишинде жасалма интеллект жана аналитикалык аспаптарды колдонуу, санариптик коммуникациялар жана жарандар менен өз ара байланыш түзүү сыяктуу окуу курстарын камтыган.
Бул программа аялдардын кесиптик жана лидерлик компетенцияларын өнүктүрүүгө, башкаруучулук жөндөмдөрүн өркүндөтүүгө, мамлекеттик башкаруу системасында аялдардын лидерлик потенциалын жогорулатууга жана натыйжалуу башкаруу көндүмдөрүн калыптандырууга көмөк көрсөтүү болуп саналат.