Окуучулар Соң-Көлдүн биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо боюнча жергиликтүү деңгээлдеги биргелешкен демилгелерди колдошту

Нарын өрөөнү
Окуучулар Соң-Көлдүн биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо боюнча жергиликтүү деңгээлдеги биргелешкен демилгелерди колдошту

Нарын облусунун Кочкор районундагы Төлөк айылында Соң-Көл көлүнүн канаттууларын жана суу-саздак жерлерин коргоого арналган экологиялык фестиваль өттү. Анын жыйынтыгында окуучулар жана катышуучулар көлдүн жаратылышын сактоо боюнча жергиликтүү деңгээлде биргелешкен иштерди жүргүзүү чечимин кабыл алышты.

Төлөк айылындагы Соң-Көл орто мектебинде «Соң-Көл куштарын бирге сактайлы» аталышындагы экологиялык фестиваль «Канаттуулар континенттерди бириктирет — алардын үйүн чогуу коргойлу» ураанынын алдында уюштурулду.

Иш-чаранын негизги максаты — Соң-Көлдүн биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо, канаттууларды жана алардын жашоо чөйрөсүн коргоо маселелерине коомчулуктун көңүлүн буруу, ошондой эле жаш муундардын экологиялык билимин жана жаратылышка болгон жоопкерчилигин жогорулатуу болду.

Фестивалдын алкагында экологиялык сүрөт көргөзмөсү жана жергиликтүү продукциялардын жарманкеси уюштурулуп, катышуучуларга жаратылышты коргоо жана жергиликтүү демилгелерди колдоо багытындагы иштер тааныштырылды.

Иш-чаранын негизги бөлүгүндө Соң-Көл орто мектебинин 7–9-класстарынын окуучуларынан түзүлгөн төрт команда ар кандай сынактарга катышып, өз билимдерин жана жөндөмдөрүн көрсөтүштү.

Фестивалдын жыйынтыгында жеңүүчү командалар баалуу белектер менен сыйланышты.

Иш-чаранын маанилүү жыйынтыгы — Соң-Көлдү коргоо боюнча жергиликтүү деңгээлде биргелешкен аракеттерди күчөтүү чечиминин кабыл алынышы болду. Тактап айтканда, катышуучулар экологиялык маалымдуулукту жогорулатуу, мектеп окуучуларын жана жергиликтүү тургундарды көлдүн канаттууларын жана суу-саздак жерлерин коргоого тартуу, демилгелерди колдоо жана аймактын жаратылыш мурастарын сактоо боюнча биргелешкен иштерди жүргүзүүнү макулдашышты.


Соң-Көл — өзгөчө жаратылыш байлыктары жана канаттуулар дүйнөсү менен айырмаланган маанилүү экосистемалардын бири. Аны сактоо мамлекеттик органдардын гана эмес, жергиликтүү жамааттардын, билим берүү мекемелеринин жана ар бир жарандын да жоопкерчилигин талап кылат.