Улуттук Кан Тапшыруу Күнүнө Карата
26-сентябрь 2025, 15:36
2025-жылдын 26-сентябрында Ыктыярдуу кан тапшыруу өнөктүгүн колдоо максатында, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министири Медер Машиев баштаган 39 дан ашык кызматкерлер кан тапшырышты.
Бул аракет — канга муктаж болгон жарандардын өмүрүн сактап калууга чоң салым болуу менен бирге, жарандык жоопкерчиликтин жана социалдык тилектештиктин көрүнүктүү үлгүсү болуп саналат. Министрликтин жетекчилиги жана жамааты донорлукту туруктуу колдоого даяр экендигин дагы бир жолу көрсөттү.
Белгилей кетсек, буга чейин Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев мамлекеттик кызматкерлерди кан тапшырууга жана ыктыярдуу донор болууга чакырып, бул багытта активдүү жарандык позицияны көрсөтүүгө үндөгөн.
Соңунда Жаратылыш министрлигинин кызматкерлерине Республикалык кан борборунун дарыгерлери
адам өмүрүн сактап калуудагы ак ниеттүүлүк,
камкордук жана колдоо көрсөткөндүгү үчүн
ыраазычылыктарын билдиришти.