“Улуттук тазалык күн” тазалыктын негизги символу

Чүй өрөөнү
“Улуттук тазалык күн” тазалыктын негизги символу

Жаратылыш ресурстары министрлигинин жалпы  жамааты министр М.Машиевдин жетектөөсү астында  жана министрдин орун басары А.Раимкулова  ажана борбордук аппараттын  кызматкерлери  “Сейил”  паркында   “Улуттук тазалык күнү” аттуу масштабдуу экологиялык акциясына активдүү катышты.

Экоакция  Президент  С.Жапаровдун 2022-жылдын 6-сентябрындагы 305 Жарлыгынын негизинде  “Улуттук тазалык күнү жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында жалпы республиканын масштабында өткөрүлдү. 

Министрликтин астындагы кызматтар жана департаменттер, Боз-Болток тоосун тазалашты. Регионалдык башкармалыктар жана Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары экологиялык акциянын башында туруп активдүү катышууда. 

Акциянын негизги максаты – таштандыларды  өз-өзүнчө чогултуу маданиятын коомго жайылтуу жана жарандардын экологиялык билимин жогорулатуу болуп саналат.