Улуттук тазалык күнү!

Чүй өрөөнү
Улуттук тазалык күнү!

Жаратылыш ресурстары министрлиги экологиялык акциянын башкы локомотиви  

Президент Садыр Жапаров 2022 жылдын 6-сентябрында кол койгон “Улуттук тазалык күнү жана 2023–2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү планы жөнүндө” Жарлык ишке ашырылууда. 

2023-жылдын 16-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалдык кɵзɵмɵл министрлиги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жетекчилиги астында республикабызда айлана-чɵйрɵнү тазалоо боюнча масштабдуу экологиялык акцияны ɵткөрдү.

Жаратылыш ресурстары министрлигинин борбордук аппаратын министр М. Тургунбаев жетектеди, кызматкерлер  Сейил паркын таштандыдан  тазалашты. 

Министрликтин астындагы Кыргыз  Геология кызматы, Экологиялык мониторинг департаменти, Экологиялык контрол кызматы Орто-Сай айылындагы “Боз-Болток” тоосун тазалашты. 

Акцияга бардык мамлекеттик органдар, кɵчɵлɵр, айылдар, район, облус жана бүтүндɵй мамлекеттин аймагын биргеликте тазалоого чыгып, бардык жарандар активдүү катышып беришти. 

Жаратылыш ресурстары министрлигинин инспекторлору  аймактарда жана Бишкек шаарында мамлекеттик органдардын иш алып баруусун дага кɵзɵмɵлдɵштү. 

Аталган иш-чара буга чейин 3 жолу ɵткɵрүлүп жалпысынан 353535,6 тонна таштанды чогултулуп, 

603189 миндей адам катышты.

Бул жолку акция дагы жогорудагы алгоритм менен ɵткɵрүлүп, таштандыларды бɵлүп чогултуу маданиятын коомчулукка киргизүү, экологиялык маданиятты арттыруу -  иш-чаранын башкы максаты.