Алатай жаратылыш паркынан уникалдуу кадрлар
20-ноябрь 2024, 14:45
Жалал-Абад өрөөнү
Алатай мамлекеттик жаратылыш паркы Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда Узун-Акмат тоолорунун Чаткал кырка тоосунун түштүк капталында жайгашкан.
Алатай паркынын аймагында уникалдуу эндемикалык флора жана фауна сакталып калган. Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине кирген өсүмдүктөр менен жаныбарлардын сейрек кездешүүчү жана жоголуп бара жаткан түрлөрү бар. «Алатай» мамлекеттик жаратылыш паркында үзгүлтүксүз илимий иштер жүргүзүлүп, Кызыл китепке кирген өсүмдүктөрдүн 450 түрү, сойлоп жүрүүчүлөрдүн 199 түрү, канаттуулардын 111 түрү бар.