Жаратылыш ресурстары министрлигинин коррупциянын алдын алуу боюнча адиси тренинкке катышты

Чүй өрөөнү
Жаратылыш ресурстары министрлигинин коррупциянын алдын алуу боюнча адиси тренинкке катышты

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Коррупцияга каршы ишкер кеңеши, ошондой эле Азия өнүктүрүү банкынын финансылык колдоо демилгеси менен 2023-жылдын 28-29-сентябрында коррупцияны алдын алуу боюнча «Мамлекеттик органдарда коррупцияга каршы чараларды ишке ашыруунун натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү жана баалоо» темасында тренинг өткөрүлдү.

Мамлекеттик органдарда коррупцияга каршы, стратегиялык иш-чаралар планын ишке ашыруу боюнча

АКШдан атайын чакырылган тренер, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча эл аралык эксперт Светлана Винборн жана улуттук консультант – Борбордук Азиядагы коррупцияны жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууну изилдөө институтунун директору Эркайым Мамбеталиева катышуучуларды системаны иштеп чыгуунун ыкмалары менен тааныштырышты.

Катышуучулар коррупцияга каршы билим берүү жана ага тартылгандардын квалификациясын жогорулатуу, анын ичинде мамлекеттик органдарда коррупцияга каршы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча стратегиялык иш-чаралардын планын андан ары натыйжалуу ишке ашыруу үчүн мындай иш-чараларды өткөрүүнүн пайдалуулугун жана практикалык маанисин белгилешти.

Өзүнчө ыраазычылык сөздөрү КР Президентине караштуу Коррупцияга каршы ишкер кеңешинин башкы катчысы Н.А.Мукановага айтылды жана Азия өнүктүрүү банкынын өлкө боюнча директору Чжэн Ву бул тренингди жогорку деңгээлде уюштуруп, өткөргөндүгү үчүн.

Тренингдин аягында катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.