Министрликтин ыйгарым укуктуу өкүлү 9-декабрдагы антикоррупциялык жыйынга катышты
10-декабрь 2025, 15:42
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу Өкүлү Б.Какешов 9-декабрь Эл аралык коррупцияга каршы күрөшүү күнүнө карата иш-чаралар отчеттук жыйынына катышты.
9-декабрь Эл аралык коррупцияга каршы күрөшүү күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин имаратында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңеши жылдын жыйынтыгын чыгарган жыйын өткөрдү.
Жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин Башкы катчысы Н.Муканова, Жогорку Сотунун аппарат жетекчисинин орун басары Р.Мусуралиев, Башкы Прокуратурасынын Коррупцияга каршы саясатты ишке ашыруу башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу М.Кыдырмаев, мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, коомдук уюмдардын, бизнес-ассоциациялардын жетекчилери жана жана журналистер катышты.
Бул отчеттук жыйындын башында Н.Муканова Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин бир жыл ичи аткарган иштери жөнүндө маалымат берди. Антикоррупциялык ишкердик кеңеши менен меморандумдун негизинде кызматташып келе жаткан коомдук уюмдар тарабынан жүргүзүлгөн 2025–2030-жылдарга карата Мамлекеттик коррупцияга каршы стратегиянын аткарылышы боюнча көз карандысыз мониторингдин жыйынтыктары талкууланды.
Жыйындын соңунда катышуучулар тарабынан коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү, коомдук көзөмөлдү кеңейтүү жана мамлекеттик стратегиянын аткарылышын камсыздоодо мамлекеттик органдар менен жарандык коомдун кызматташуусун мындан ары өркүндөтүү боюнча биргелешкен иштерди уланта берууну белгилешти.