Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгы тарабынан “Бишкек жылуулук энерго” муниципалдык ишканасына пландуу текшерүү жүргүзүлдү.
26-август 2026, 10:07
Чүй өрөөнү
Текшерүүнүн жүрүшүндө ишканага тиешелүү 6 автоунаанын экологиялык талаптарга ылайык келүүсү текшерилди.
Текшерүүнүн жыйынтыгында Укук бузуулар жөнүндө Кодексине ылайык укук бузуу жөнүндө 2 протокол түзүлүп, жалпы 46 000 (кырк алты миң) сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Жаратылыш ресурстары министрлигинин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы мыйзам талаптарынын сакталышын камсыз кылуу жана айлана-чөйрөгө терс таасирин азайтуу багытындагы көзөмөл иш-чараларын мындан ары да улантат.