Ысык-Көлдү коргоо жана экологиялык көзөмөлдү күчөтүү чаралары
07-апрель 2026, 16:08
Чүй өрөөнү
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Ысык-Көл облусундагы суу экосистемасын , биоресурстарды ,коргоо жана экологиялык абалды жакшыртуу боюнча системалуу иштерди улантууда.
Синтетикалык балык уулоочу торлорду мыйзамсыз пайдаланууга каршы күрөшүүнүн алкагында 2024-жылы 57 рейд жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында 130 000 сом суммасында 38 айып пул салынган жана 269 640 сом суммасында 107 доо арыз берилген. Мыйзамсыз жүгүртүүдөн жалпы узундугу 28 800 метрди түзгөн 288 даана синтетикалык тор алынган.
2025-жылы бул багыттагы иштер кыйла күчөтүлдү. Жалпы 99 рейд жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында 335 500 сом суммасында 63 айып пул салынды. Мындан тышкары, 3 038 162 сом суммасында 123 доо арыз берилди. Жалпы узундугу 30 600 метрди түзгөн 306 синтетикалык тор алынган.
Өзгөчө көңүл эски жана ташталган торлорду аныктоо жана жоюуга бурулууда, анткени алар суу экосистемасына олуттуу зыян келтирет.
Муну менен катар, 2023-жылдын 9-августундагы №177 «Полимер пленкасынан жасалган пакеттердин жана пластикалык буюмдардын жүгүртүлүшүн чектөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин №400-р тескемесин ишке ашыруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Мунун алкагында Ысык-Көл облусунда түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ишкерлерге 950 эскертүү берилген.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги №131 «Ысык-Көл көлүнүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» Жарлыгын аткаруу максатында рекреациялык объектилерге инвентаризация жүргүзүлгөн. Жалпысынан облус аймагында 1267 объект аныкталган.
Министрлик экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу, жаратылыш ресурстарын сактоо жана жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптарын аткарууну көзөмөлдөө боюнча иштерди мындан ары да активдүү улантат.