Региондордогу күчөтүлгөн иштер

Нарын өрөөнү
Региондордогу күчөтүлгөн иштер
2025-жылдын 13-июль күнү Жумгал районунун Түгөл-Сай айыл аймагынан мыйзамсыз эндик чөбүн казган жараан, жергиликтүү Баш-Кууганды айылынын тургундары тарабынан аныкталып Жумгал районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине маалымдалган. Маалыматка ылайык ЭТККнын Нарын регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери Жумгал РИИБнүн кызматкерлери менен бирге мыйзамсыз эндик чөбүн казган жараанды кармашты. КРнын УБжКнин 264- берененин талаптарын бузгандыгы аныкталып 10000 (он миң) сом айып салынып, мыйзам талаптарын бузгандыгы үчүн укук бузууга карата протоколу түзүлүп түшүнүгү алынып РИИБү менен бирге акт түзүлдү.


Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Баткен регионалдык башкармалыгынын инспекторлору Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтүндө контролдук текшерүү жүргүзүп, текшерүү учурунда белгиленбеген жер тилкелерге таштандыларды ташталышына жол бергендиги аныкталып, КР УБжКодексинин 115-1 беренесине негизинде 17000 сом айып салынган. Ал эми пландуу текшерүүдө берилген жазма буйрук эскертмелеринде көрсөтүлгөн кемчилдиктерди толугу менен аткарууга алынбагандыгы үчүн 434-1 беренесине негизинде 13000 сом айып салынды.