Браконьерлике каршы иштер күчөтүлүүдө

Чүй өрөөнү
Браконьерлике каршы иштер күчөтүлүүдө

Жаратылыш ресурстары, министрлиги браконьерликке каршы иштерди кучөттү. Ушул жылдын 16-17 октябрь айларында  Ак-Шумкар кордонунда Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери Түп куймаларынан 21 даана (2100 м) балык улоочу синтетикалык торлор тазаланып, кесүү жолдору менен керексиз абалга келтирилди.

Аталган иш-чаралар Экология  жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы, Ысык-Көл жаратылыш коругу, Ысык-Көл  облусунун ички иштер башкармалыгы , өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгы жана Балык чарба Департаментинин кызматкерлери менен биргеликте, 2024-жылдын октябрь, ноябрь, декабрь айларында броконьерликке каршы күрөшүү жана мыйзамсыз балык улоо боюнча “Ак-Шумкар” кардонуна рейдттерди күчөтүүнүн алкагында ишке ашып жаткандыгын маалымдайбыз .

 Графикке ылайык, Түп районунун Түп булундарына мыйзамсыз салынган синтетикалык балык торлорун  тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Рейдтик иш чаралар мындан арыда күнү-түнү уланат.