Кыргыз Республикасы 2027-жылга чейинки “Жашыл климаттык фонд” менен кызматташуунун өлкөлүк программасын бекитти

Чүй өрөөнү
Кыргыз Республикасы 2027-жылга чейинки “Жашыл климаттык фонд” менен кызматташуунун өлкөлүк программасын бекитти

Бишкек, 1-июль 2025-жыл — Климаттын өзгөрүшү, экология жана туруктуу өнүгүү боюнча Координациялык кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын “Жашыл климаттык фонд” (ЖКФ) менен кызматташуусунун Өлкөлүк программасы 2027-жылга чейин расмий түрдө бекитилди. Бул стратегиялык документ өлкөнүн приоритеттүү климаттык багыттарын жана эл аралык каржылоого муктаж долбоорлордун тизмесин аныктайт.


Климаттык каржылоону тартууда жетишилген ийгиликтер

2010–2023-жылдары Кыргыз Республикасы климаттык каражаттарды төмөнкү эл аралык институттардан ийгиликтүү тартты:


Дүйнөлүк Банк — 303,7 млн АКШ доллары


Азия Өнүктүрүү Банкы — 194,4 млн АКШ доллары


Германиялык түзүмдөр — 73,1 млн АКШ доллары


БУУнун Өнүктүрүү Программасы — 63,1 млн АКШ доллары


Каражаттар негизинен гранттар жана жеңилдетилген кредиттер түрүндө берилди.


Секторлор боюнча инвестициялар

Международная инициатива по прозрачности помощи (IATI) маалыматына ылайык, 2010–2023‑жылдары:


Энергетика секторуна — 306,6 млн АКШ доллары


Айыл, токой чарбачылыгы жана балык чарбасына — 140,5 млн АКШ доллары


Суу секторуна — 122,8 млн АКШ доллары багытталды.


2011–2021‑жылдар аралыгында Кыргызстанга 0,62 млрд АКШ доллары көлөмүндө эл аралык техникалык жардам тартылып, калк башына эсептегенде жылына 8,6 АКШ доллары түздү. Бул каражаттардын 81 % гранттык булактар.


Стратегиялык мааниси

Климаттык каржылоону өнүктүрүү — Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатынын жана туруктуу өнүгүүсүнүн ажыралгыс бөлүгү болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин ЖКФ боюнча улуттук өнөктөш жана координатор болуп саналышы өлкөнүн климаттык саясатына системалуулук жана стратегиялык багыт берет.


Министрлик бүгүн бекитилген Өлкөлүк программа аркылуу ири масштабдагы, таасирдүү жана гранттык артыкчылыкка ээ долбоорлорду алдыга жылдырууну, ошондой эле жаңы климаттык инвестицияларды ыкчам тартууну улантат.