Урматтуу кенчилер, инженер-геологдор, байытуучулар жана жер казынасын пайдалануу тармагында эмгектенген бардык кесип ээлери!

Чүй өрөөнү
Урматтуу кенчилер, инженер-геологдор, байытуучулар жана жер казынасын пайдалануу тармагында эмгектенген бардык кесип ээлери!
Урматтуу кенчилер, инженер-геологдор, байытуучулар жана жер казынасын пайдалануу тармагында эмгектенген бардык кесип ээлери!


Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин жана жеке өзүмдүн атымдан сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Кенчилер жана металлургдар күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!


Бул майрам — сиздердин талыкпаган эмгегиңиздерге, туруктуулугуңуздарга жана жогорку кесипкөйлүгүңүздөргө берилген терең урмат. Жер казынасы менен иштөө күчтү, терең билимди жана чеберчиликти талап кылат. Азыркы климаттын өзгөрүшү жана «жашыл» энергетикага өтүү сыяктуу глобалдык чакырыктар шартында сиздердин ордуңуздар мурдагыдан да маанилүү болууда.


Кыргызстан жаратылыш байлыктарына бай өлкө. Бул байлыктарды өнүктүрүүгө жана өлкөбүздүн экономикасын көтөрүүгө сиздердин талыкпаган эмгегиңиздер чоң салым кошууда.


Жер казынасын натыйжалуу жана жоопкерчилик менен пайдаланууну камсыздап жаткан адистерге, инженерлерге, техниктерге, илимпоз-геологдорго, экологдорго жана бардык жумушчуларга ыраазычылык билдирем. Сиздердин аракетиңиздердин аркасында өлкөбүз алдыга жылып, келечектеги ийгиликтерге бекем пайдубал түптөөдө.


Айрыкча ыраазычылык — өз тажрыйбасын жана билимин жаш муундарга өткөрүп жаткан тармактын ардагерлерине.


Сиздерге бекем ден соолук жана жаңы ийгиликтерди каалайм! Майрамыңыздар менен!


Урматтоо менен, Министр М. Машиев