Урматтуу кесиптештер жана кадырлуу ардагерлер! Сиздерди 5-июнь — Бүткүл дүйнөлүк жана Кыргыз Республикасынын Айлана-чөйрөнү коргоо күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Чүй өрөөнү
Урматтуу кесиптештер жана кадырлуу ардагерлер!  Сиздерди 5-июнь — Бүткүл дүйнөлүк жана Кыргыз Республикасынын Айлана-чөйрөнү коргоо күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Бул күн — айлана-чөйрөнү сактоо, мөңгүлөрдүн эришине бөгөт коюу, суу ресурстарын коргоо жана экологиялык туруктуулукту камсыз кылуу сыяктуу улуу максаттын айланасында баарыбызды бириктирген маанилүү учур. Бүгүнкү кабыл алган чечимдерибиз жана жасаган аракеттерибиз эртеңки келечегибиздин негизин түзөт.

Кыргызстан — кайталангыс табияты, тунук суулары жана бийик тоолору менен өзгөчөлөнгөн өлкө. Бул баа жеткис жаратылыш мурасын көздүн карегиндей сактап, келечек муунга таза бойдон өткөрүп берүү — биздин эң башкы мамлекеттик артыкчылыгыбыз жана адамдык милдетибиз.

Күн сайын жаратылышты коргоо, токойлорду сактоо жана өлкөнүн экологиялык коопсуздугун камсыз кылуу үчүн ак ниеттен эмгектенип жаткан министрликтин кызматкерлерине, коомдук уюмдарга жана ардактуу ардагерлерибизге терең ыраазычылык билдирем. Сиздердин кесипкөй эмгегиңиздер — өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнүн кепилдиги.

Баарыңыздарга чың ден соолук, бакубат жашоо жана жаратылышты сактоого багытталган асыл ишиңиздерге албан ийгиликтерди каалайм. Жер энебизге болгон аяр мамилебиз ар дайым бирдиктүү жана натыйжалуу болсун!

Кесиптик майрамыңыздар кут болсун!