Урматтуу кесиптештер, геология тармагынын ардагерлери!
06-апрель 2026, 09:15
Чүй өрөөнү
Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан кесиптик майрамыңыздар – Геологдор күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Геология тармагы бардык мезгилдерде өлкөбүздүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн жана өнөр жайлык өнүгүүсүнүн бекем пайдубалы болуп келген жана болуп кала берет. Акыркы беш жыл ичинде мамлекеттик бюджетке тоо-кен компанияларынан 217,9 миллиард сомдон ашык салык жана жыйымдар түшкөн.
Жаратылыш ресурстарын туруктуу жана натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу – мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат.
Ардагерлерибизге өзгөчө ыраазычылык билдиребиз. Сиздер тармактын бекем пайдубалын түптөп, баа жеткис тажрыйбаңызды жер астын изилдөөчүлөрдүн жаңы муунуна өткөрүп бердиңиздер. Сиздердин берилгендигиңиздер баарыбыз үчүн үлгү.
1930-жылдардан бери геология тармагынын ардагерлери тарабынан топтолгон көптөгөн геологиялык материалдар бүгүнкү күнгө чейин сакталып, кеңири колдонулуп келет. Алар мамлекеттин өнүгүшүнө зор салым кошуп келет.
Бүгүнкү күндө биздин алдыбызда амбициялуу максаттар турат: тармакты санариптештирүү, жаңы запастарды чалгындоо, жер казынасын рационалдуу пайдалануу жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу.
Сиздерге чың ден соолук, түгөнбөс энергия, ийгиликтерди жана жаңы ачылыштарды каалайм. Эмгегиңиздер ар дайым жогорку бааланып, ишиңиздер жаңы илимий жетишкендиктер жана ири кендердин ачылыштары менен коштолсун!
Майрамыңыздар менен! Геологдор күнү менен!