Урматтуу кайра иштетүүчүлөр, сорттоочулар, утилдештирүүчүлөр, өндүрүүчүлөр жана импорттоочулар!

Чүй өрөөнү
Урматтуу кайра иштетүүчүлөр, сорттоочулар, утилдештирүүчүлөр, өндүрүүчүлөр жана импорттоочулар!

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу «Эко Оператор» мамлекеттик ишканасы калдыктар менен иштөө чөйрөсүндө экологиялык талаптарды сактоо зарылдыгын эскертет.


Эмнелерди билүү зарыл?

♻️ Каттоо: калдыктарды кайра иштетүүчү объекттер «Эко Оператор» мамлекеттик ишканасы тарабынан жүргүзүлүүчү Реестрге киргизилиши керек.

♻️ Лицензия алуу: I–V кооптуулук класстарындагы калдыктар менен иш жүргүзүүдө мыйзамдарда каралган учурларда тиешелүү лицензия алуу зарыл.

♻️ Отчёттуулук: өндүрүүчүлөр жана импорттоочулар колдонулуп бүткөн товарлардан жана таңгактардан пайда болгон калдыктарды кайра иштетүү боюнча белгиленген ченемдердин аткарылышы тууралуу жыл сайын, 1-апрелге чейин отчёт берүүгө милдеттүү.


📞 «Эко Оператор» мамлекеттик ишканасынын байланыш телефондору:

0770 320 259

0509 788 799