Урматтуу токой тармагынын кызматкерлери жана ардагерлери! Сиздерди Токой кызматкерлеринин кесиптик күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!
18-сентябрь 2026, 11:13
Урматтуу токой тармагынын кызматкерлери жана ардагерлери!
Сиздерди Токой кызматкерлеринин кесиптик күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Токой — жаратылыштын баа жеткис байлыгы, өлкөбүздүн экологиялык тең салмактуулугун сактоодо өзгөчө мааниге ээ болгон жаратылыш ресурсу. Анын байлыгын коргоо, сактоо жана келечек муундарга жеткирүү — чоң жоопкерчиликти, кесипкөйлүктү жана эмгекчилдикти талап кылган маанилүү милдет.
Токой чарбасынын кызматкерлери жыл бою ар кандай шарттарда эмгектенип, токойлорду өстүрүү, калыбына келтирүү, коргоо жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо багытында үзүрлүү иштерди аткарып келишет. Сиздердин эмгегиңиздердин натыйжасында өлкөбүздүн жаратылыш байлыгы корголуп, токой экосистемаларынын туруктуулугун камсыз кылууга маанилүү салым кошулууда.
Бүгүнкү күндө климаттын өзгөрүшү, жаратылыш ресурстарына болгон басымдын күчөшү шартында токойлорду сактоо жана көбөйтүү өзгөчө мааниге ээ. Бул багытта токой тармагынын ар бир кызматкеринин эмгеги мамлекет жана коом үчүн баалуу.
Ушул кесиптик майрамда сиздерге талыкпаган эмгегиңиздер үчүн терең ыраазычылык билдирем. Ар бириңиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык, ишиңиздерге ийгилик жана жаңы жетишкендиктерди каалайм.
Токойлорубуз жашылданып, жаратылышыбыз байып, өлкөбүздүн экологиялык келечеги кең болсун!
Кесиптик майрамыңыздар менен!
Акыл Токтобаев
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри