Урматтуу мунай, газ жана отун-энергетика тармагында эмгектенген кызматкерлер!

Чүй өрөөнү
Урматтуу мунай, газ жана отун-энергетика тармагында эмгектенген кызматкерлер!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Тоочулардын жана металлургдардын күнү менен

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин жана жеке өзүмдүн атымдан чын жүрөктөн куттуктайм!


Бул күн — сиздердин эмгегиңиздерге, кесипкөйлүгүңүздөргө жана чыдамкайлыгыңыздарга болгон терең урмат-сыйдын белгиси.
Мунай байлыктары менен иштөө — күчтү, терең билимди гана эмес, жогорку чеберчиликти да талап кылган жооптуу иш.


Кыргызстан — жаратылыш ресурстарына бай өлкө.
Бул мүмкүнчүлүктөрдүн чыныгы байлыкка айланышына сиздердин ак ниет жана талыкпаган эмгегиңиздер себеп болууда.


Сиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, сүйүү жана молчулук каалайм!
Ар бир күнүңүздөр — эртеңки күнгө ишеним, кесиптештердин сый-урматы, үй-бүлөнүн жылуулугу жана жетишкен ийгиликтердин кубанычы менен коштолсун.


Өзгөчө ыраазычылык — бул тармактын ардагерлерине.
Сиздердин тажрыйбаңыз жана билимиңиз — жаш адистер үчүн өчпөс мурас.
Сиздерге бекем ден соолук жана жаңы жетишкендиктерди каалайм!


Мунайчыларды, инженерлерди, техникалык адистерди, илимпоздорду, геологдорду, экологдорду жана өндүрүштө эмгектенген бардык кызматкерлерди —
жер казынасын натыйжалуу жана жоопкерчиликтүү пайдаланууга кошкон салымыңыздар үчүн ыраазычылык билдирем.


Сиздердин эмгек менен өлкөбүз алдыга жылууда, келечектеги ийгиликтердин пайдубалы түптөлүүдө.


Кесиптик майрамыңыздар менен!


Урматтоо менен,
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри
М.А. Машиев