Урматтуу мекендештер!
22-май 2026, 15:26
Кадырлуу жаратылыш коргоочулар, илимпоздор, экологдор,өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын (ӨКЖА) токой жана аңчылык чарбасынын кызматкерлери, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери жана өнөктөштөр!
Сиздерди 22-май – Эл аралык биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо күнү менен чын дилимден куттуктайм!
Быйылкы “Глобалдык таасир үчүн жергиликтүү аракеттер” урааны дүйнө жүзүндөгү экологиялык маселелерди чечүүдө ар бир аймактын, ар бир коомчулуктун жана ар бир жарандын салымы өзгөчө мааниге ээ экендигин дагы бир жолу айгинелеп турат.
Кыргыз Республикасы өзүнүн кайталангыс жаратылышы, бийик тоолуу экосистемалары, сейрек кездешүүчү өсүмдүктөрү жана жаныбарлары менен дүйнөлүк биотүрдүүлүктүн маанилүү бөлүгү болуп саналат. Бул баа жеткис мурастарды сактоо – мамлекеттин гана эмес, жалпы коомдун ыйык милдети.
Акыркы жылдары жергиликтүү деңгээлде жаратылышты коргоо багытындагы демилгелердин күч алышы бизди өзгөчө кубандырат. Бүгүнкү күндө өлкө аймагында 6 микрокорук жана 1 жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагы түзүлүп, дагы 1 микрокорук ачылуу алдында турат. Мындан тышкары, мамлекеттик корукчаларды түзүү жана кеңейтүү иштерине жергиликтүү бийлик органдары, адистер жана жарандык коом өкүлдөрү активдүү көмөк көрсөтүп жатышат.
Бул – жаратылышты сактоо жаатындагы жергиликтүү аракеттердин улуттук жана глобалдык деңгээлдеги чоң натыйжага айланып жаткандыгынын ачык далили.
Ушуга байланыштуу, бардык тиешелүү адистерге, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, өнөктөш уюмдарга жана жаратылышка кайдыгер карабаган жарандарга терең ыраазычылык билдирем. Сиздердин демилгеңиздер, колдооңуздар жана жоопкерчиликтүү мамилеңиздер өлкөбүздүн экологиялык коопсуздугун камсыздоого, табигый мурастарды келечек муундарга сактап калууга зор салым кошууда.
Биз биргеликте гана жаратылыш менен адамзаттын ортосундагы тең салмактуулукту сактап, өлкөбүздүн экологиялык туруктуу келечегин камсыз кыла алабыз.
Сиздерге чың ден соолук, ийгиликтерди, жаңы демилгелерди жана жаратылышты коргоо жаатындагы жооптуу ишиңиздерге чоң жетишкендиктерди каалайм!
Биологиялык ар түрдүүлүк – бул жашоонун негизи, келечектин кепилдиги!