Урматтуу мугалимдер!
06-октябрь 2025, 09:20
Сиздерди чын дилибизден кесиптик майрамыңыздар — Мугалимдер күнү менен куттуктайбыз!
Ардактуу агай-эжелер! Сиздерди 5-октябрь — Мугалимдер күнү менен Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин жана жеке өзүмдүн атымдан чын жүрөктөн куттуктайм.
Агартуу тармагы мага өзгөчө жакын, анткени мен мугалимдердин уулу катары бул кесиптин түйшүгүн жакшы билем. Кандай кыйынчылык болбосун, жаш муундун жаркын келечеги үчүн күн-түн дебей эмгектенип келатасыздар. Билимдин шам чырагын бийик көтөрүп, тажрыйбаңыздар жана билимиңиздер менен коомубуздун кеңири катмарына кызмат кылуудасыздар.
Мугалим — бул жөн гана кесип эмес, бул улуу насаатчылык жана эл үчүн кызмат кылуу. Сиздердин сабырыңыздар, кесипке берилгендигиңиздер жана окуучуларга болгон сүйүүңүздөр аркылуу элибиздин келечеги калыптанууда. Сиздер тарбиялаган жаштар билимдүү, адептүү, мекенчил муун болуп өсүп жатышат.
Сиздердин эмгегиңиздер — өлкөбүздүн өнүгүүсүнө жана ар бир жарандын татыктуу инсан болуп жетилүүсүнө кошкон баа жеткис салым. Ар бир сабагыңыздар — Кыргызстандын жаркын келечегине ташталган бекем кадам.
Бул майрамдык күнү сиздерге чын дилибизден ыраазычылык билдирем. Эмгегиңиздер дайыма кубаныч тартуулап, ишиңиздердин жемиши ар дайым көзгө көрүнүп турсун. Окуучуларыңыздар сиздердин ишенимди актап, элибиздин сыймыктуу жарандары болсун!
Сиздерге бекем ден соолук, бакубат жашоо, үй-бүлөлүк ынтымак жана коомчулуктун урмат-сыйын каалайм.
Мугалимдер күнүңүздөр кут болсун!