Жер казынасын пайдалануучулар үчүн кабарлоо: рекультивациялык иштердин наркын милдеттүү түрдө кайра эсептөө
12-март 2026, 14:39
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жер казынасын пайдалануучуларга жер казынасын жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы мыйзам талаптарын сактоо зарылдыгын эскертет.
Жер казынасын пайдалануу процессинде бузулган жерлерди рекультивациялоо жөнүндө жобонун 20-пунктуна ылайык (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы №517 токтому менен бекитилген), жер казынасын пайдалануучу ар үч жыл сайын рекультивация иштеринин жалпы баасын кайра эсептеп чыгып, рекультивация фондуна которулуучу төлөмдөрдүн көлөмүн тактап турушу керек.
Бул талап 2018–2023-жылдар аралыгында мамлекеттик экологиялык экспертизадан өткөн рекультивация боюнча техникалык долбоорлору бар жер казынасын пайдалануучуларга тиешелүү.
Жер казынасын пайдалануучулар эмне кылышы керек:
1. Кайра эсептөө жүргүзүү : бекитилген техникалык долбоордо каралган рекультивация иштеринин жалпы наркын жаңылоо.
2. Чегерүүлөрдү корректировкалоо : рекультивация фондуна жыл сайын которулуучу төлөмдөрдүн көлөмүн жаңыртылган сметага ылайык келтирүү.
3. Отчет берүү : жүргүзүлгөн кайра эсептөө жана жаңыртылган төлөмдөрдүн көлөмү тууралуу маалыматты Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине жөнөтүү.
Бул талаптарды аткаруу бузулган жерлерди калыбына келтирүү иштерине финансылык кепилдикти камсыз кылуу жана экологиялык тең салмактуулукту сактоо үчүн милдеттүү шарт болуп саналат.
Министрлик жер казынасын пайдалануу субъекттерин бул милдеттенмелерди жоопкерчилик менен аткарууга жана керектүү документтерди өз убагында тапшырууга чакырат.
Кайра эсептөө жүргүзүүнүн тартиби боюнча кошумча түшүндүрмөлөрдү алуу үчүн министрликтин тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнө кайрылсаңыздар болот.