Айтматов районунда жырткычтардын терилери кабыл алынды

Чүй өрөөнү
Айтматов районунда жырткычтардын терилери кабыл алынды
Айтматов районунда жырткыч жаныбарлардын санын жөнгө салуу боюнча иш-чаралардын алкагында райондук комиссия тарабынан кезектеги кабыл алуу өткөрүлдү. Анын жүрүшүндө мергенчилер тарабынан атылган карышкырлар менен чөөлөрдүн терилери кабыл алынды.
Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-февралындагы №89 «Карышкырлардын жана чөөлөрдүн санын жөнгө салуу жөнүндө» токтомуна ылайык жүргүзүлүүдө.
Жыл башынан бери район боюнча 9 баш карышкыр жана 101 баш чөө жок кылынды.