Ак-Суу районунда агынды сууларды чыгаруу тартибин бузгандыгы үчүн 28 миң сом айып пул салынды

Ысык-Көл өрөөнү
Ак-Суу районунда агынды сууларды чыгаруу тартибин бузгандыгы үчүн 28 миң сом айып пул салынды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы тарабынан Ак-Суу районунда айлана-чөйрөнү коргоо талаптарынын сакталышын камсыз кылуу максатында текшерүү иштери жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Ак-Суу райондук суу чарба башкармалыгына тиешелүү сугат арыктары жеринен кароодон өткөрүлдү.

Жерине кароо иштеринин жыйынтыгында агынды сууларды айлана-чөйрөгө чыгаруунун белгиленген тартиби бузулгандыгы аныкталды.

Аталган мыйзам бузуу боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык, тиешелүү тарапка 28 000 (жыйырма сегиз миң) сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Мындан тышкары, айлана-чөйрөгө агынды сууларды чыгарууга жол бербөө, аны болтурбоо жана алдын алуу, ошондой эле аныкталган кемчиликтерди жоюу жана тиешелүү оңдоо иштерин жүргүзүү боюнча милдеттүү түрдө аткарылуучу тапшырмалар берилди.