Аксы районунда курал менен мыйзамсыз аңчылык кылган эки жаран аныкталды

Жалал-Абад өрөөнү
Аксы районунда курал менен мыйзамсыз аңчылык кылган эки жаран аныкталды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Жалал-Абад регионалдык башкармалыгы тарабынан мыйзамсыз аңчылыктын алдын алуу, аны болтурбоо жана жаратылыш ресурстарын коргоо максатында Аксы районунун Ак-Жол айыл аймагында ыкчам рейддик иш-чара өткөрүлдү.

Рейддин жүрүшүндө аталган айыл аймагынын эки тургуну ок атуучу сайлуу куралдар менен жүргөн жеринен аныкталды. Текшерүүнүн жүрүшүндө жарандардын колундагы куралдарга тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок экени белгилүү болду. Жарандар куралдардын өздөрүнө таандык экенин тастыкташкан.

Аталган факт боюнча жарандарга карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин талаптарына ылайык мыйзамсыз аңчылык беренеси боюнча административдик протоколдор түзүлүп, айып пул салынды.

Мындан тышкары, тиешелүү документтери жок эки даана ТОЗ-8 үлгүсүндөгү ок атуучу сайлуу курал жана колдонулбаган сегиз даана ок тиешелүү чараларды көрүү үчүн Аксы райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.