Ысык-Көл акваториясында 400 метр синтетикалык тор алынды
01-декабрь 2025, 14:31
Чүй өрөөнү
Ысык-Көл акваториясында 400 метр синтетикалык тор алынды
2025-жылдын 30-ноябрында Жаратылыш ресурстары,экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан Ысык-Көлдүн акваториясында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги №131 Жарлыгын аткаруу максатында 400 метр мыйзамсыз коюлган синтетикалык тор алынды.
Мындан тышкары, экологиялык коопсуздукту сактоо жана жаратылыш ресурстарын мыйзамсыз пайдаланууга бөгөт коюу максатында рейддик текшерүүлөр үзгүлтүксүз жүргүзүлүп жатат.