Ысык-Көл көлдүн акваториясында мыйзамсыз балык уулоого каршы рейд өткөрүлдү

Чүй өрөөнү
Ысык-Көл көлдүн акваториясында мыйзамсыз балык уулоого каршы рейд өткөрүлдү

2025-жылдын 9-июнунда Ысык-Көл көлүнүн акваториясында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматына караштуу Биоресурстарды көзөмөлдөө бөлүмүнүн инспекторлору менен Туристтик-экологиялык милициянын кызматкерлери биргеликте мыйзамсыз балык уулоо фактыларын аныктоо жана алардын алдын алуу максатында рейд жүргүзүштү.

Иш-чаранын жүрүшүндө көлдүн ар кайсы жерлеринде мыйзамсыз коюлган жалпы узундугу болжол менен 1000 метрди түзгөн балык уулоочу торлор табылып, алынган. Бардык тыюу салынган каражаттар мыйзамга ылайык жоготулган.

Бул рейд суунун биологиялык ресурстарын коргоого, экологиялык тең салмактуулукту жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоого, ошондой эле браконьерликтин алдын алууга багытталган.

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги мындай рейддерди жаратылышты коргоо мыйзамдарынын аткарылышын күчөтүү максатында туруктуу негизде жүргүзүп турарын маалымдайт.