Ала-Арча суу сактагычында мыйзамсыз балык уулоого каршы рейд өткөрүлдү.

Чүй өрөөнү
Ала-Арча суу сактагычында мыйзамсыз балык уулоого каршы рейд өткөрүлдү.

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгы тарабынан Ала-Арча суу сактагычында мыйзамсыз балык уулоого каршы рейддик иш-чара өткөрүлдү.

Рейддин жүрүшүндө балык уулоо эрежелерин бузган жарандарга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык 5 административдик протокол түзүлдү.


Регионалдык башкармалык жарандарды жаратылыш ресурстарын пайдаланууда мыйзам талаптарын сактоого жана балык уулоо эрежелерин бузбоого чакырат.