Ала-Арча суу сактагычында рейддик иш-чара өткөрүлдү

Чүй өрөөнү
Ала-Арча суу сактагычында рейддик иш-чара өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгы тарабынан Ала-Арча суу сактагычында рейддик иш-чара өткөрүлдү.

Рейддин жүрүшүндө суу биоресурстарын коргоо жана балык уулоо эрежелеринин сакталышы текшерилди.

Иш-чаранын жүрүшүндө  балык кармоо эрежелерин бузган жарандар аныкталып, аларга карата мыйзамда белгиленген тартипте 5 протокол түзүлдү.

Ошондой эле экологиялык мыйзамдарды жана балык уулоо эрежелеринин талаптарын сактоо боюнча жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жарандарды жаратылыш ресурстарына аяр мамиле жасап, балык уулоодо белгиленген эрежелерди так сактоого чакырат.